7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атанын РЭТ башчысы ток уурдап, үйүнө майнинг ферма уюштурганы аныкталды

1271

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын (РЭТ) башчысы жашаган жеринде криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг ферма уюштурганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “И.А.Дж.” энергетика тармагында иштеп жатып, суунун аздыгынан улам республикада энергетикалык каатчылык болуп жатканына карабастан, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, электр энергиясын уурдап, муну менен Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугуна зыян келтирген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейин өндүруш иши башталган.

Учурда келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоону камтыган зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, “И.А.Дж.” узак убакыт бою Чолпон-Ата РЭТте ар кандай кызматтарда иштеп, 2021-жылдын 8-декабрынан тарта аталган уюмдун башчысы болуп дайындалган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1272