7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпонбек Абыкеев: Кумтөр эл аралык сотко кайрыла албайт, кайрылса баары камалаарын өздөрү деле билишет

10463
Коомдук ишмер, жазуучу Чолпонбек Абыкеев Кумтөрдүн жетекчилерине токтоосуз кылмыш иши козголуш керектигин сунуштоодо.  Анын оюнда Кумтөр эч качан эл аралык сотко кайрыла албайт, анткени Кыргызстандагы былык иштерин эл аралык сот билсе, айып пул салуу менен гана чектелбей баары камалаарын өздөрү деле билет дейт.
Билдирүү өзгөртүүсүз сунушталат.
Кум-Төр анын айланасындагы чырлуу коррупциялык иштер тууралуу деги эле айтылбаган сөз калды беле? Бүгүнкү Акылбек Жапаро тарабынан ачыкка чыгып жаткан сөздүн бары көшөгө артында,ашканада буга чейин деле айтылчуу эмес беле.
Кум-Төрдүн Кыргызстанга жасаган мамлеси Кыргызстандын мыйзамдарын кой деги эле дүйнөдөгү бир да мыйзам көтөрө алгыз иш.Алардын ошентип эсирип кетишине, мамлекет ичиндеги эч ким кирише алгыз өзүнчө мамлекет түзүп алышына биринчи кезекте бийликтин эң башында отургандар шарт түзүп беришкени да чындык.
Канчалык терең изилденген сайын ошончолук укмуш былыктар чыга берет. Муну биринчи кезекте Кум-Төрдүн жетекчилиги жакшы билет.Ошондуктан Кум-Төрдүн жетекчилиги эч убакта эл аралык сотторго кайрыла албайт деп ойлойм.
Мисалга; Экологиялык кылыктары боюнча эл аралык комиссия келип текшеришсе келген комиссиянын мүчөлөрүнүн жүрөктөрү түшүп калат. Анда түз эле адам затына анын ичинде жалпы Борбордук Азияга жасаган катастрофалык иштери үчүн милларддаган доллар каражаттарды төлөп эле кутулушпастан бүт камалышы керек болот.
Мен муну Кум-Төргө бир жолу барбасам да окуган маалыматтарымдан эле билип бөркүмдөй ишенип турам.
Экинчи; Иш үстүндө 30 дан ашык адамдын өмүрү кыйылып, 100 дөн ашык адам майып болуп калса да бир да жетекчи жаза алган эмес. Дүйнөдөгү бир да мамлекетин мыйзамында адам өмүрү кыйылса да эч ким жазаланбай өз билгенин кыла берсин деген көрсөтмө жок.
Кум- Төрдүн жетекчилерине токтоосуз кылмыш иши козголушу керек да эгер качып кетишсе интерполго берип коркунучтуу кылмышкерлер деп аташ керек. Ал эми коррупциялык аласа-береселери улам ачыкталган сайын дүйнөлүк коомчулукту жийиркендирген фактылар толуп чыгат. Бул да Кум-Төрдү иштеткендердин абийрин айрандай төгөт.
Кум-Төрдү иштеткендердин эл аралык сотко кайрылабыз деши өзүбүздү өзүбүз өлтүрөбүз дегенге барабар. Муну алар жакшы түшүнүшөт деп ойлойм.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

10464