7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жээнбековдун адвокаты Аспековду сотко берээрин айтты

605

Мурдагы Президент Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Асылбек Кочкоров, Мелис Аспековду жалган жалаа жапкан билдирүүсү  үчүн сотко бере тургандыгын билдирген.

Эске салсак, учурда УКМКнын тергөө абагында, коррупцияга шектелип, кармалып жаткан активист Мелис Аспеков кече, фейсбуктан билдирүү таркан. Анда, «Президент Садыр Жапаров шайлоо алдындагы үгүт иштери үчүн Жээнбековдордон 10 млн доллар алган деп жазылган.

Бул билдирүү карандай калп, коомчулуктун көңүлүн өзүнүн ыплас иштеринен алаксытып, башка жакка бурууга жан далбас уруп жатканы кимге болбосун түшүнүктүү. Бул максатта Аспеков жалган билдирүү таратып, өлкөдөгү таанымал адамдардын ысымын колдонуу жолу менен элди алаксытууга аракет кылууда. Жалаа жапканы үчүн аны сотко беребиз”, — дейт Кочкоров.

Аспеков шайлоодогу «үгүт иштеринде Жапаровдун штабында жүргөндүктөн көп иштерге күбө болдум» -деген  менен Садыр Жапаров анын шайлоо штабында иштебегенин билдирген.

Ал эми, Жээнбековдордон акча алды деген билдирүүсү боюнча, Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек, 24.kg сайтына Аспеков калк айтты деп жооп берген.

Ошондой эле, бүгүн 14-май УКМК  Аспековдун «тергөө абагында ур токмоко алындым» деген маалыматы жалган экендиги тастыкталгандыгы боюнча маалымат таркаткан.

УКМК: Аспеков коомчулуктүн көнүлүн буруу үчүн ур-токмоко алындым деп жалган маалымат тараткан

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

606