7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чубак ажы Жалилов көзү тирүү болгондо 49 жашка толмок

710

Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында туулган. Ал үй-бүлөдө алты бир туугандын экинчиси болгон.

Дин аалымы 1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Арабиясыдагы «Умм аль-Куро» эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Эне тилинде жана орус, араб тилдеринде эркин сүйлөгөн. Чубак ажы Жалиловдун эмгек жолу 1995-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим болуу менен башталган. Ал 2010-2012-жылдары Кыргызстандын Азирети муфтийи кызматын аркалаган. Муфтий болуп иштеп турган убагында коррупцияга каршы бир топ реформаларды жасаган.

Чубак ажынын өзгөчөлүгү деп өздүк 3 бөлмө китепканасы, башкача айтканда 5 тоннадай китеби бар экендигин айтууга болот. Бир жолу унаасын сатып, акчасына чет өлкөдөн 1 тонна 700 килограмм салмакта китептерди алдырткан. Бир күндө адабий китептерден 500 беттей окуган. Китеп окуп, маселенин чечимин издегенди, анализдегенди жактырган жана убактысынын көп бөлүгүн ушул ишке арнаган.

Мына ушундай орду толгус аалымдын арабызда жоктугу өкүндүрбөй койбойт.

711