7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасма тартылат

524

Жаш кыргыз режиссёру жана оператор-коюучу Каныбек Калматов улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачыл жолу жөнүндө ири көркөм тасма тартыларын расмий жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Каныбек Калматов Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянын экрандаштырууга эксклюзивдүү укук алган. Тиешелүү келишим жазуучунун уулу — Элдар Айтматов менен түзүлгөн. Бул документ — картинага даярдыктагы маанилүү юридикалык жана моралдык кадам.

Жаңы тасма жазуучунун бала чагынан тартып дүйнөгө таанылганга чейинки өмүрүндөгү негизги баскычтарды камтыган биографиялык драма болот.

Каныбек Калматов буга чейин кыргыз киносунун тарыхында эң көп киреше алып келген «Бейиш эненин таманында» тасмасынын башкы оператору катары таанылган.

Тасманын бет ачары 2026-жылга мерчемделген.

525