7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган кыргыз-казак интеллигенциясынын эл аралык форуму өтөт

838

КРнын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 11-январда, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев, Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүм башчылары менен Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата кыргыз-казак интеллигенциясынын эл аралык форумун уюштуруу боюнча жыйын өткөрдү.

Аталган иш чара президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата эл аралык жана республикалык деңгээлде өтө турган иш чаралардын башаты.

Иш-чарага Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевдин, Казакстан Республикасынын маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Дархан Кыдыралинин катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын белгилүү окумуштуулары Чынгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу баяндамаларды жасашат.

Аталган иш чара январдын аягында Бишкек шаарында өтүүсү күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

839