Чычырканак элдик медицинада миңдеген жылдар бою колдонулуп келген мөмө. Майы, мөмөсү, жалбырагы дарылык касиетке ээ. Алардан ширелер, кыямдар жана таттуулар, ошондой эле алкоголдук жана алкоголсуз суусундуктар жасалат. Бул материалда чычырканактын пайдасы тууралуу айтып беребиз.
- Мөмөнүн пайдалуу касиеттери медицинада, тамак-аш жана косметикалык тармактарда колдонулат. Анын майын күн сайын колдонуу терини азыктандырып, карылыкты жайлатат.
- Муундар үчүн артроз жана артритти дарылоодо дагы колдонулат. Мөмөсүн жесе болот же ооруган жерге компресс кылып май түрүндө сүйкөсө даарылайт
- Чычырканак менен тамактануу кан басымын төмөндөтүп, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучун жана «жаман» холестериндин деңгээлин төмөндөтөт.
- Курамындагы каротиноиддер жана А витамини көрүүнү жакшыртып, кургак чел кабык менен күрөшүүгө жардам берет.
көптөгөн вирустардан жана суук тийүүнү дарылоодо колдонулат. - Чычырканак ичеги-карын жараларынын алдын алуу үчүн пайдалуу. Ич каткан учурда мөмөлөрүн да пайдаланса болот. Анын өзүн жесе же аны кайнатма катары даярдап койсо, организмге тамакты акырын сиңирүүгө жардам берет.
- Индиялык окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык, чычырканактын жалбырактары чайга кошулса боор оорусунун алдын алат.
- Диабет менен ооругандар үчүн кандагы глюкозанын деңгээлин төмөндөтөт.
- Чычырканактын майындагы А жана Е витаминдери териге пайдалуу. Жергиликтүү колдонуу күйүктү, жаракатты, жараларды, ысыктарды жана башка зыяндарды айыктырат. Жалбырактардын кайнатмалары чачка жылтырак түс берет.
- Курамында антиоксиданттар сезгенүүнү азайтып, вирустарды өлтүрөт. Иммундук системаны чыңдоо үчүн пайдалуу.
- Айымдар Кош бойлуу кезинде чычырканак ден-соолукка пайдалуу азыктардын бири деп эсептешет . Мөмөнү күнүнө бир нече жолу жесе витаминдердин, микроэлементтердин жана антиоксиданттардын жетишсиздигин оордун толуктайт.
- Чычырканактын майы теридеги созулган белгилердин алдын алууга жардам берет .
- Чычырканак косметологияда теринин кургактыгына дары катары колдонулат.
- Мурун агып, суук тийгенде, мурундун аймагына сүйкөлөт.
Бирок, ашыкча колдонууга болбойт, анткени анын зыяны тийип, теринин саргайышына алып келет.