7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мыйзамсыз иш-аракеттерге барууңарды токтоткула!». Президент «Унаа» ишканасын жеке көзөмөлүнө алды

405

Президент Садыр Жапаров «Унаа» мамлекеттик ишканасындагы мыйзамсыз иштер боюнча аткаминерлерге катуу эскертүү билдирди.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздер менен бир кичинекей, бирок маанилүү жаңылык менен бөлүшүүнү туура көрүп турам. “Унаа” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү, алардын иштөө ыкмасы оңолуп, жөнгө салынганча жеке көзөмөлүмдө.

Баарынан мурда айдоочулук күбөлүк, кадимки эле “права” берүү жол-жобосуна өзгөчө көңүл буруу зарыл болуп турат. “Унаа” мамлекеттик ишканасынан айдоочулук күбөлүктү сатып алуу мүмкүндүгү, айрым чиновниктердин, айрыкча, күч түзүмдөрүндө иштеген аткаминерлердин айдоочулук күбөлүктү тууган-туушкан, жээк-жаатына белек катары берип келгени эч кимге жашыруун эмес.

Мындан тышкары, ар кыл коррупциялык схемаларды түзүп, мамлекеттик кызматты жеке өз кызыкчылыгына пайдаланып, киреше табуунун булагы катары көргөндөр да жок эмес. Аларга аёо болбойт.

Айдоочулук күбөлүккө ээ болуунун адилеттүү жолу катары компьютердик экзамендер киргизилген. Ушуга байланыштуу дагы бир мисал, бир тууганымдын кызы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакка сегизинчи жолу кирейин деп даярдык көрүүдө. Бул эң туура жана кубаттоого арзый турган чечим деп эсептейм.
Андыктан, сиздерди дагы бул тармактагы чирип бараткан системаны жоюуга салым кошууга чакырып кетер элем.
Анткени компьютер аркылуу гана сынак тапшыруу керек деген талаптар болгонуна карабай, аны да айланып өтүү амалдарын көргөндөр болууда. Төмөндөгү сүрөттөр менен тасмада “Унаа” ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалында айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз берүүнүн айла-амалы кылып зымсыз “мышка”, дүрбүгө чейин колдонулганын көрүүгө болот. Алар терезеден шыкаалап, сынактагы жоопторду тууралап турушкан.
Эми мунун кесепеттери айтпаса да түшүнүктүү. Бул өлкө боюнча дээрлик күн сайын катталаган жол кырсыктарына, бейкүнөө каза болууларга себеп болуп келет. Канча деген жарандарыбыз кан жолдо набыт болуп кетүүдө.

Ошондуктан эми мурдагыдай тааныш-билиш, же акчанын күчүнө салып айдоочулук күбөлүк алууга жол берилбейт. Андайга баруу аракеттерине мыйзам чегиндеги кескин жана катаал чаралар колдонулат. Кайсыл кызматкер прокуратуранын кайсыл кызматкерине чалганы, ким-кимге “крыша” болуп берем деп ишендиргенинен бери толук маалымат менде бар. Андыктан, акыркы жолу эскертем, мыйзамсыз иш-аракеттерге барууңарды токтоткула! Эртең анан туугандарыңар дагы “элдин баласы болчу” деп ыйламсырап чыкпасын! Унааны башкарууга жол кыймылы эрежелерин мыкты билген айдоочунун отурушу менен жол кырсыктарынын саны, анын натыйжасында адам курмандыктарынын да саны азаят»,- деп айтылат өлкө башчысынын билдирүүсүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

406