7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

569

Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

Ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле жакынкы келечекте Уюмдун мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кубанычбек Өмүралиевди Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, ага боордош элдердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров түрк тилдүү мамлекеттердин саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысына өз кезегинде Кубанычбек Өмүралиев жаңы кызматта алдыдагы иштин пландары жана эң биринчи милдеттери, атап айтканда Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн башчыларынын Саммити ушул күндөрү Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өткөн тогузунчу жыйынында кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышы жана ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн ортосунда өз ара мамилелерди чыңдоо боюнча чаралар тууралуу маалымат берди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

570