12-апрелге карата 145 жарандан вирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 12 — апрелине карата республика боюнча COVID-19дун – 145 учуру катталды, анын ичинен COVID-19 U07 – 127, COVID-19 U07.2 – 18 учур.
Кыргызстанда жалпы COVID-19 инфекциясынын 90 миң 372 учуру катталды.
Бир сутка ичинде жалпысынан 103 бейтап айыкты.
Жалпы айыккандардын саны 86 миң 28 адам.
Бир сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон 6 учур катталды. Бишкек-3, Чуй-2, Ысык-Көл -1.
Жалпысынан каза болгондордун саны – 1528 адам, анын ичинде: COVID-19 U07.1 – 486 учур, COVID-19 U07.2 – 1042 учур.