COVID-19. Бир сутка ичинде 298 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектен — 144, Оштон — 23, Чүй облусунан – 86, Ош облусунан — 7, Талас облусунан — 2, Нарын облусунан — 13, Ысык-Көл облусунан – 18, Жалал-Абад облусунан – 5 жаңы учур катталган.
Өлкө боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны жалпы 103 миңге жетти.