7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов жаңы дайындалган акимдер менен жыйын өткөрдү

608

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Президенттин «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу алкагында дайындалган, ошондой эле ротациядан өткөн райондук мамлекеттик администрация башчылары – акимдер менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу маалыматты министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

22-майда Президент мамлекеттик администрация башчыларын – облустардагы район акимдерин кызматтан бошотуу жана дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койгон.

Марипов Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери алгач ирет район акимдерин жана алардын орун басарларын аттестациялоо (ишин баалоо) өткөрүлгөнүн эскертти.
Ал белгилегендей, район акимдерин аттестациялоодон өткөрүү жана ротациялоо – мезгил талабы.

«Өлкөдөгү калктын 2/3 бөлүгү айыл жергесинде жашагандыгын эске алуу менен бул абдан маанилүү. Аймактардын жетекчилерин ротациялоо кадрлардын күчтүү резервин уюштуруунун аспабы болуп, келечекте алардын катарынан республикалык масштабдагы жетекчилер дайындалаарына ишеним билдирем», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

609