Муниципиалдык кызматкер токтоп турган тракторду сүзүп, качып кетти. Трактордун ичинде балдар ойноп жатышкан. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү жергиликтүү маалымат булактарына билдиришкен.
Маалыматка ылайык, кечээ, 24-майда болжол менен саат 21:00 чамасында «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаа чиркегичи бар балдар ойноп жаткан тракторду сүзүп кеткен.
«Кырсыктан кийин айдоочу токтоп, ал жерде бир аз убакыт турду, андан соң унаасы менен из жашырып кетти. Андан спирт ичимдиги жыттанып жатты. Ал Кайыңды шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы экен», — дешет күбөлөр.
Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коомдук коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жогорудагы окуяны тастыктап: «Жол кырсыгында балдар жабыркашкан эмес, бирок материалдык зыян келтирилген. Айдоочунун өздүгүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү аныкташкан. Кайыңды мэриясынын жергиликтүү мамлекеттик кызматкери болуп чыкты», — деп жооп берген.
Жол кайгуул кызматы жакынкы аралыкта айыпталуучуну полиция бөлүмүнө алып барып, канында алкоголь бар-жогун текшерип, ошондой эле тергөө кызматына өткөрүп берерин баса белгилешти.