Кыргызстанда бир күндө эки медициналык кызматкерден коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эки учур тең Бишкек шаарында катталган.
Бир суткада бир медициналык кызматкер ооруканалардан чыгарылды.
COVID-19 диагнозу коюлган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 4 миң 224гө жетти, ал эми алардын 4 миң 196 медкызматкери айыгып чыкты.