7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

COVID-19. Илдеттен дагы 7 бейтап каза болуп, 253 адамдан аныкталды

462

Бир суткада дагы 253 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 120, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 84, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 7 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 315 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 174, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 73, Ош облусунда – 5, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 10 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 2, Чүй облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 1, Талас облусунда — 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 569 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 427 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 65 бейтаптын абалы орто оордукта, 408 адамдын абалы оор жана 86 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 558 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 497 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 101 миң 219 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 94 миң 483 киши айыгып чыкса, 1 миң 725 адам каза болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

463