Үстүбүздөгү жылдын апрель айына карата цементке болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 50 кг үчүн 306,67 сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын апрель айына салыштырмалуу дээрлик 9 пайызга өскөн, ал эми кирпичтин баасы 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1000 даана үчүн 7 262,69 сомду түздү же 14 пайызга өстү.
Кыргызстанда курулуш материалдарына болгон баанын өсүшү уланууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет.
Цементке максималдуу чекене баалар,
- Чаек айылында -50 кг үчүн 374,97 сом,
- Кербен -50 кг үчүн 369,46 сом,
- Токтогул -50 кг үчүн 356,64 сом ,
Ал эми минималдуу баалар,
- Өзгөн шаарында — 50 кг үчүн 274,95 сом,
- Покровка айылында -50 кг үчүн 280,00 сом,
- Ош шаарында — 50 кг үчүн 280,99 сом,
- Бишкек шаарында — 50 кг үчүн 297,77 сом.
Кирпичке карата чекене баалар төмөнкү шаарларда орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору өстү,
- Токмок — 1000 даана үчүн 13 228,76 сом,
- Нарын, Баткен, Талас — 1000 даана үчүн 10 000,00 сом
Ал эми ага карата минималдуу баалар,
- Кербен шаарында -1000 даана үчүн 2 698,15 сом,
- Кара-Суу шаарында -1000 даана үчүн 2 978,09 сом,
- Токтогул шаарында -1000 даана үчүн 4 500,00 сом.
Цементке болгон баанын өткөн жылдын апрель айына салыштырмалуу эң жогору Кара-Балта шаарында — 22,2 пайызга жана Покровка айылында — 21,7 пайызга өсүшү катталды, ал эми кирпичке болгон баалар Исфана — 30,8 пайызга жана Бишкек шаарларында — 21,9 пайызга өстү.