Өзгөндө 10-класстын окуучусу мектептин 2-кабатындагы айнектен секирип жиберип, ооруканага түштү. Күбөлөр өзү секирди деп айткан менен жабырлануучунун атасы, бул иш териштирилиш керектигин айтып арыз жазды. Бул тууралуу ОшОИИБнин басма сөз кызматы кабарлайт.
Окуя 17-май күнү саат 08:00 чамасында Мырза-Аке айылындагы №3 М.Нурбаев атындагы орто мектебинде болуп өткөн. Күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө 10-А клаасында терезенин алдында эшикти карап туруп эле өзүнөн- өзү 2-кабаттан секирип жиберген. Андан кийин аны кайрадан мектептин ичине алып киришип, эмне үчүн секиргендигин сураган учурда, өзүн-өзү текшерип көрмөкчү болуп, ушул жолго баргандыгын айтты деп билдиршкен.
Ошол эле учурда жабырлануучунун атасы арыз менен кайрылып, баласы жөндөн-жөн терезеден өзүн-өзү таштабай турганын, мектепте ага карата терс мамиле же өзүнүн жанын кыюуга мажбур кылуучу аракеттер болушу мүмкүн деген жүйө келтирген.
10-класстын окуучусу 16 жаштагы Ж.Б учурда алган жараатынан улам Мырза-Аке айылдык ооруканасында дарыгердин көзөмөлүндө.
Бул факты боюнча Өзгөн РИИБи сотко чейинки өндүрүш иши баштады. Учурда тергөө иштери уланууда.