7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

COVID-19: Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде 93-орунда турат

682

COVID-19 жуктургандардын саны боюнча Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде 93-орунда турат. Бул тууралуу “Профилактикалык медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов билдирди.

Маалыматка ылайык, рейтинг боюнча Кыргызстан 93 орунда турат, вирус жуктургандардын саны 180 миңди жана каза болгондордун саны 2620 адамды түздү.

«Дүйнө жүзүндө 2,8 млрд (35,3%) адам эмдөөдөн өткөн, эмдөөнүн пайызы 40тан ашык мамлекеттерде 60-74%га жетсе, КМШ өлкөлөрүндө 30%ды түздү.

2019-жылдын аягында пайда болгон коронавирус инфекциясы мутация болуп жатканына байланыштуу, аны алдын ала божомолдоо үчүн маалыматтар жетишсиз болуп эсептелет. “Күз-кыш мезгилинде вирус жуктуруп алуу тобокелдиктери күчөп баштайт. Андыктан, алдын алуу чараларын сакташыбыз керек: беткап тагынып, колду жууп же антисептик колдонуп, социалдык аралыкты сактоо да зарыл”, — деп кошумчалады Омор Касымов.»

Ошондой эле ал дарыгерлерди, мугалимдерди, калкка мамлекеттик кызмат көрсөткөн адамдарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

683