7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

COVID 19: Ооруканалар кандай шарт менен кабыл алат?

841

Бишкек шаарындагы ооруканалар коронавирус жуктуруп кайрылган бейтаптарды ПЦР-тесттин оң жыйынтыгы жок эле кабыл алышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин ооруканалар бейтаптардан сөзсүз ПЦР-тестти сурачу.

«Азыр ал талапты алып салганбыз. Анткени айрым учурда коронавирус аныкталбай эле пневмония табылып жатат. Кээ бир кишилердин абалы тез эле оорлошуп кетип жаткандыктан ПЦР-тесттин жыйынтыгын сурабай калышкан. Коронавирустун белгилери байкалып, ооруканада орун болсо эле ар бир медик бейтапты кабыл алууга милдеттүү», — деди Жусупбекова.

Белгилей кетсек, адис коронавирустун биринчи толкунуна алыштырмалуу азыр ооруканага түшкөн бейтаптардын абалы тез эле оорлошуп кетип жатканын айтып, элди медиктер айткан талаптарды аткарууга чакырды. Ошондой эле өбүшүп учурашуу сыяктуу адаттарды да убактылуу коё турууну суранды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

842