Учурда коронавирус илдетине чалдыккан 3 миң 600 бейтап үй шартында дарыланып жатат. Бул тууралуу маалыматты республикалык ыкчам штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-декабрга карата Кыргызстандагы ооруканаларда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 651 бейтап дарыланууда.
Алардын ичинен:
- 27 адам канааттандырарлык абалда;
- 1794 адам орто оор абалда;
- 711 адам оор абалда;
- 119 адам өтө оор абалда.
⠀
Ал эми үй шартында 3 миң 600 адам дарыланып жатат.