7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Айсулуу Тыныбекова күрөшөт

991

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 4-октябрда, дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешине чыгат. Мелдештин программасы Бириккен күрөш дүйнөсү (UnitedWorld Wrestling) уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү 55 жана 62 килограмм салмактагы спортчулар таймашы менен башталат. Кыргызстандын курама командасынан алгачкылардан болуп учурдагы дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм) килемге чыгат.

Улуттук курама команда мелдешке үч балбанды алып барган. Айпери Медет кызы (76 килограмм) 5-октябрда, ал эми Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) 6-октябрда күрөшөт.

Эскерте кетсек, Норвегиянын Осло шаарында Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

992