Сербиянын борбору Белград шаарында бүгүн, 1-ноябрда 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт.
Маалыматка ылайык, грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары килемге чыгат.
- 55 килограмм салмакта Акыйкат Күлжигит уулу жергиликтүү балбан Себастьян Коломпар менен кез келет.
- 77 килограмм салмакта катышканАкылбек Талантбеков алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, анда түркиялык Эркан Эрге аттуу балбан менен кез келет.
- 87 килограмм салмактагы Азат Салидинов алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштайт. Анын алгачкы атаандашы коңшу казакстандык Максат Сайлау аттуу балбан болот.
Белгилей кетсек, беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.