Бүгүн, 6-октябрда күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын төртүнчү күндүк беттеши өтүп жатат. Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.
Маалыматка ылайык, 68 килограмм салмакта катышкан Жуманазарова алгачкы жүрүшүндө түштүк кореялык балбан менен кез келди.
Биринчи бөлүк башталганда эле Мээрим Жуманазарова атаандаштын артына өтүп, 2 упай алды. Биринчи бөлүк аяктаар маалында кыргыз балбаны дагы 4 упай алып, эсеп санын 6:0 кылды.
Экинчи бөлүк башталары менен Жуманазарова атаандашынын артына өтүп, далысын жерге таза басып жеңишке жетти. Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпионатында чейрек финалына чыкты.
Эскерте кетсек, Мээрим Жуманазарова «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарында коло байге уткан.