Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.
Ал турнирге 87 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Алгачкы беттеште грузиялык Ачико Боквадзени 11:3, чейрек финалда швециялык Хамза Сертканлини 7:3, ал эми жарым финалда румыниялык Патрик Горданды 8:0 эсебинде жеңген.
Эми алтын медаль үчүн күрөштө азербайжандык Жоджу Самадов менен кез келет. Финалдык беттештер бүгүн Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат.
U-20 дүйнө чемпионаты 4-7-сентябрь күндөрү Испаниянын Понтеведра шаарында өтүп жатат.