Ош шаарындагы У. Салиева мектебинин директору үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 7-каналга Ош облустук сотунун маалымат кызматы тастыктады.
Ош облустук сотунун 2-сентябрдагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн шектүүгө карата бөгөт коюу чарасынын үй камагын тандоо өтүнүчү канааттандырылган. Бул чечим 2024-жылдын 28-октябрына чейин тандалды.
Эске салсак, аталган лицейдин директору иш бөлмөсүндө пара алып жаткан жеринен УКМК тарабынан кармалган. Ага опузалап «пара талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.