Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын мурдагы имаратын Экономика жана коммерция министрлиги менен Тышкы иштер министрлигине өткөрүп берди.
Имарат борбор калаадагы Абдумомунов, 207 дарегинде жайгашкан.
Бул имаратта жайгашкан президенттик администрация эми борбор калаанын түштүк жагына курулган «Ынтымак ордого» 10-сентябрга чейин көчөрү айтылган. Анын ачылышы 30-августта болду.