7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнө чемпионатына тандоо. КР футболчуларынын 3-турдагы атаандаштары аныкталды

462

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоонун 3-турундагы атаандаштары белгилүү болду.

Чүчү кулак Куала-Лумпурдагы Азия футбол конфедерациясынын (АФК) штаб-квартирасында өттү.

Кыргызстандык ак шумкарлар туш келген тайпа: Иран; Катар; Өзбекстан; БАЭ; Кыргызстан; Түштүк Корея.

Азия футбол конфедерациясынын аймагындагы тандоо бир нече этаптардан турат. Бул этапта Кыргызстан 10 ирет намыс талашса, анын жарымын өз талаасында өткөрөт. Ар бир тайпадагы мыкты делген эки команда Дүйнө Чемпионатына жолдомо алат. 3-4 орунду ээлегенде 4-этапка кирет. Ал топтогу эми бешинчи, алтынчы командалар, кийинки дүйнөлүк (2030-жылдагы) биринчиликке даярданууга мажбур болушат.

Беттештер быйылкы сентябрдан тарта 2025-жылдын июнь айына чейин болот. Демек, АФК алкагында беш раунд өтөт да, андан кийинки беттеш акыркы жолдомо үчүн болот.

463