Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Амантур Исмаилов коло байгенин ээси болду.
Исмаилов 1/16 финалдан баштап алгач Венгриялык балбанды 7:9 эсебинде жеңген. Ал эми 1/8 финалда Ирандык балбанга жеңилип, кийин көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Анда атаандашы чыкпагандыктан коло байге үчүн беттешке чыккан.
Чечүүчү 3-орун үчүн күрөштө Амантур Исмаилов Грузиялык атаандашын 18:8 эсебинде жеңип, коло байгенин ээси болду.