7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Назира Айтбекова: «Алтын кызым, Айсулуу! Сен бизге эч нерсе милдеттүү эмессиң!»

1356

Алып баруучу Назира Айтбекова «Алтын кызым, өзүңдүн турпатың эле алтындан! Кенедейиңен килейген жоопкерчиликти тырбалаңдап ташып жүрүп, белиң ооругандыр. Ырахмат сага, Айсулуу!,»- деп социалдык тармактагы баракчасына балбан кыз Айсулуу Тыныбековага карата ыраазычылыгын билдирди.

«Алтын кызым, Айсулуу! Өзүңдүн турпатың эле алтындан! Кыргыздын намысына төрөлгөн алтын кызым! Миң жолу кучактадым. Далай жолу өлкөнүн туусун бийик көтөрүп, таанытып, сыймыкты бердиң бизге! “Кыргызстан” деген өлкөнү тааныттың! Шерденттиң бизди! Алтын кызым, жашсың. Кенедейиңен килейген жоопкерчиликти тырбалаңдап ташып жүрүп, белиң ооругандыр. Чарчагандырсың. Эсиң оогандыр. Балким, жаштыгыңды жашап, жаштарга кошулуп, дооруңду сүргүң келип жаткандыр.

Балким кенедей жүрөгүң сүйүүгө сугарылып, өз бүлөңдү кургусу келип жаткандыр, же жөн эле пенделердей атактуу, жоопкерчиликтүү жашоону эмес жөнөкөй жашоону сүргүң келип жаткандыр. Балким бир жериңди кокустатып алып, денең да, жүрөгүң да сыздап жаткандыр. Бир жолу “Күмүш алып калдым” деп, өпкөң көөп, ызаланып ыйлагандай, ыйлап жаткандарсың? Азыр абалың кандай, эмнени сезип жатканыңды билбейбиз, бирок биздин сага болгон чексиз сүйүүбүздү, ыраазычылыгыбызды сез! Сен бизге эч нерсе милдеттүү эмессиң! Биз сага милдеттүүбүз! Ырахмат сага, Айсулуу! Бар экениңе ырахмат! Эркелегиң келгенде, сырдашкың келгенде эжең дайым жаныңда! Жакшы көрөм сени!»,- деди ал. 

Эскерте кетсек, Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова финалга чыга албай калды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1357