Бүгүн Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында Болгариялык балбан Эдмонд Армен Назарян менен күч сынашат.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Шаршенбеков 60 кг салмак даражада беттешет.
Жоламан Шаршенбеков 1/8 финалда Венгриялык балбанды, 1/4 финалда АКШлык балбанды жеңип жарым финалга чыккан. Жарым финалды Казакстандык Айдос Султангали менен күч сынашып 7:0 эсебинде жеңип финалга жолдомо алган.
Белгилей кетсек, Бишкек убактысы боюнча саат 22:00до финалдык беттештер башталат.