Ошто 17 жаштагы жигитти коркутуу жолу менен уюлдук телефонун тартып алып, качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына шаар тургуну 1998-жылы туулган А. кызы А. арыз менен кайрылган. Анын арызында 2021-жылдын 4-майынан 5-майына караган түнү болжол менен саат 02:20 чамасында Ош шаарынын Навои көчөсүндө 2005-жылы туулган Ж.Э. аттуу инисин белгисиз атуул коркутуп, «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, изин жашырып качып кеткендигин билдирген.
Аталган факт Кылмыш кодексинин 206-беренесинин белгилери менен катталып, тергөө амалдары башталган.
Издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 2004-жылы туулган Д.уулү Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.