7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
18°C

Ошто баңгизаттарды сатып жүргөн эки жаран кармалды

169

 

Ош шаарында баңгизаттарды саткан эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 18-август күнү милицияга “М” аттуу атуул ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууга, сактоого тиешеси бардыгы жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөн.

Ош шаарындагы мейманканаларынын биринин алдында 1982-жылы туулган Бишкек шаарынын С.М. аттуу тургуну жана 1979-жылы туулган Өзбекстандын А.Н. аттуу жараны кармалып, аларга өздүк тинтүү жүргүзүү учуруда кара пакеттин ичинен афган өндүрүшүндөгү «гашиш» (чарс)  баңгизаты  табылып алынган.

Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат афган өндүрүшүндөгү 1 кг 36 гр салмактагы “гашиш” баңгизат каражаты экендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 2-бөлүгүндөгү өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат каражатын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө жүргүзүлүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

170