7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров УКМК Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты (ФОТО)

402

Президент, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Чек арачылардын алдында сүйлөп жатып,  Мамлекет башчысы өлкөнүн тынчтыгы менен туруктуулугу чек арадан башталарын дагы бир жолу белгиледи.

«Мына ошондуктан Кыргызстандын чек ара коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет. Биз чек арачыларыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүүгө бардык чараларды көрүүгө жооптуубуз”, — деди президент.

Ал өткөн жылы Чек ара кызматы үчүн республикалык бюджеттин эсебинен биринчи жолу учкучсуз учуучу аппараттар сатылып алынганын эске салды.

Базанын ачылышы тууралуу сөз кылып, Садыр Жапаров ал чек араларды кайтарууда Куралдуу Күчтөрүнүн жер үстүндөгү күчтөрү менен аскер бөлүкчөлөрүн абадан коргоо боюнча негизги милдеттерди аткарарын белгиледи.

Мамлекет башчысы чек аранын коопсуздугун камсыз кылууда материалдык базаны чыңдоого сатылып алынган техникалардын күжүрмөн мүмкүнчүлүктөрү өлкөнүн эгемендигин коргоо максатындагы машыгууларда гана колдонулат деген ишенимин билдирди.

«Мен ар дайым айтып келем – Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө. Биздин куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүүгө болгон аракеттерибиз коргонууга гана багытталаарын баса белгилеп кетейин», — деп билдирди ал.

Президент аскер кызматкерлерин базанын ачылышы менен куттуктап, алар мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатында  калыптанган салтты татыктуу улантып, жоопкерчилик жана мекенчилдик сезимди бийик коюп, Мекен алдында ак кызмат өтөп жатышканын белгиледи.

«Биздин чек арабыз ишенимдүү колдо! Элибиздин ишеничи менен үмүтү сиздерге мындан ары дагы чоң-чоң ийгиликтерди жаратууга дем болуп, күч-кубат берет деп ойлойм», — деди ал.

Жапаров базанын инфраструктурасы жана мамлекеттик чек араны коргоодо сокку уруучу учкучсуз учактарды колдонуу менен күжүрмөн күзөттүн уюштурулушу менен таанышты.

Белгилей кетсек, «Байрактар» учкучсуз аппараттарын тийиштүү окууларды өтүп келген Чек ара кызматынын офицерлери башкарышат. Бул мамлекеттик чек араны абада кайтарууга алган офицер-чек арачылардын алдыңкы тобу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

403