7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Үмүт жана Ко» компаниясынын негиздөөчүсүнүн үйүнөн табылган 822 млн сом мамлекетке чегерилди

541

«Үмүт жана Ко» компаниясынын негиздөөчүсүнүн бири Ж.А.нын үйүнөн табылган 822 млн сом бюджетке чегерилгенин УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, УКМК тарабынан тиешелүү кылмыш ишинин алкагында эс алуу борборлордун ээлеринин бирине Ж.А. карата куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү фактысы боюнча тергөө иштери жүргүзүлүлө баштаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө алынган тиешелүү экспертизанын корутундусу мурда Ж.А. карата Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-
дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча коюлган айыпты тастыктады.

Ошол эле учурда, тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу Ж.А. демилгеси менен ага коюлган кылмышты мойнуна алуу боюнча келишим түзүлгөн. Ага карата жүрүп жаткан кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, иш материалдары Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна андан ары кароо үчүн
өткөрүлүп берилди.

Ушул жылдын 12-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Ж.А. күнөөлүү деп табылып, жаза катары 100 000 сом айып пул төлөө каралды.

Белгилей кетсек, аталган иштин алкагында Ж.А. келип чыгышын тастыктай албаган улуттук жана чет элдик валютадагы жалпы суммасы 800 млн. сомдон ашык акча каражаттар, ар кандай курал-жарактар, ок-дарылар жана согуштук техникалар алынган.

«Тергөөнүн жана сот өндүрүшүнүн жыйынтыгы менен алынган курал-жарактар, анын ичинде аңчылык куралдары жана техникалар Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилди жана 800 млн. сомдон ашык суммасындагы акча каражаттар толугу менен республикалык бюджетке чегерилди»,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

542