Норвегиянын Осло шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн грек-рим күрөшүнүн балбандарынын мелдеши башталат. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму турнирдин расписаниесин расмий сайтына чыгарды.
Ага ылайык, бүгүн 55, 72, 77 жана 82 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашат.
Кыргызстандык спортчулардан алгачкылардан болуп 55 килограмм салмак категориясында Сардарбек Конушбаев килемге чыгат. Мындан сырткары, бүгүн Руслан Царёв (72 килограмм), Кайратбек Түгөлбаев (77 килограмм), Калидин Асыкеев (82 килограмм) өз салмактарында таймашышат.