Суукта дени-карды соо адамдын рационунун 40 пайызы эттен турушу керек. Бул тууралуу Москванын Саламаттык сактоо департаментинин башкы адиси Андрей Тяжельников билдирди.
Маалыматка ылайык, мунун ичине балык менен жумуртканы дагы кошсо болот. Кышкысын организм өзүн жылытуу үчүн көп энергия сарптайт. Ошондой эле күндүн нуру жетишсиз болот, вирустар менен бактерияларга каршы туруу керек.
«Күч-кубаттын баары тамактан алынат. Демек, жей турган азык-түлүк күчтүү жана сапаттуу болушу керек. Рациондо май, белок, витаминдер, минералдар жана клетчатка болгону жакшы. Кубаттын көбүн эттен алабыз. Аны балык жана жумуртка дагы алмаштыра алат», — деди Тяжельников.
Белгилей кетсек, азыр сельдь, скумбрия жана сардина балыктары өтө пайдалуу.