7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова 22 жашка толду

1408
Бүгүн, 9-ноябрь Дүйнө чемпиондугунда алтын байгеге ээ болгон  балбан кызыбыз Мээрим  Жуманазарованын туулган күнү.
Маалыматка ылайык, Мээрим Жуманазарова 1999-жылдын 9-ноябрында Талас облусундагы Оро айылында машыктыруучунун үй-бүлөсүндө туулган. Ал 2011-жылдан баштап  машыктыруучу Нурбек Изабековдун алдында машыгып, мелдештерге катышып келет.
2020-жылы Белград шаарында өткөн Дүйнө Кубогунда алтын, 2021-жылы Токио шаарында өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарында коло медаль, Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон.
Белгилей кетсек, Мээримдин атасы Рахмадил Жуманазаров эркин күрөш боюнча машыктыруучу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1409