Коронавирус илдетинен 141 миллион 813 миң 257 адам жабыркады. Бул тууралуу АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайты коронавирус илдети тууралуу 20-апрелге карата статистикалык маалыматты таратты.
Маалыматка ылайык, 81 миллион 116 миң 141 бейтап илдетти жеңип, 3 миллион 27 миң 182 адам илдеттен каза болду.
Коронавирустун очогу катары учурда АКШ болуп эсептелинет. Анда ооругандардын жалпы саны 31 миллион 737 миң 347ни түзүп, 567 миң 690 адам каза болгон. АКШдан кийинки орунда Индия өлкөсү турат. Ал жакта коронавирус инфекциясы 15 миллион 61 миң 919 адамдан аныкталды. 177 миң 150 адам каза болсо, 12 миллион 953 миң 821 бейтап айыгып чыккан. Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. 13 миллион 973 миң 695 адам вируска кабылып, 374 миң 682 бейтап көз жумса, 12 миллион 344 миң 481 бейтап оорудан сакайып чыкты.
Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.