Кыргызстандыктардын саны 6 миллион 637 миңге жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөдө туруктуу жашаган элдин 34 пайызы шаарларда, ал эми 66 пайызы айылдарга туура келет.
«Калктын 35 пайызын балдар менен өспүрүмдөр түзсө, 57 пайызы эмгекке жарамдуу адамдар. Ал эми сегиз пайызы улуу муундагылар. Кыргыз өлкөсүндө жалпы жонунан 100дөн ашык улут жашайт», — деп жазылат маалыматта.
Алардын ичинен эң көбү кыргыздар болуп эсептелинет.
- 4 миллион 896 миң, тагыраагы 73 пайыз — кыргыздар;
- 985 миң, тагыраагы 14,9 пайыз — өзбек улутундагылар;
- 341 миң, тагыраагы 5,2 пайыз — орустар.