7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстан Россиядагы жарандарын депортациядан коргоп, элчиликте каттоого ала баштады

3138

Өзбекстандын тышкы эмгек миграциясы агенттиги Россиядагы жарандарына кайрылып, 15-июнуна чейин укуктук статусун жөнгө салуу үчүн өлкөнүн Ички иштер министрлигинин аймактык органынын миграция бөлүмдөрү менен байланышууну сунуш кылды.
Департамент Россияда мыйзамсыз жүргөн өзбекстандыктарга кайрадан каттоодон өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет.
«Эгерде биздин мекендештер бул маселе боюнча жардамга муктаж болсо, анда алар Өзбекстандын Москвадагы элчилигине жана Россиянын аймактарындагы башкы консулдуктарына, ошондой эле тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттикке кайрылышса болот«, — деп билдиришти департаменттен.

Буга чейин Россиянын Ички иштер министринин орун басары Александр Горовой 15-июнга чейин Россия Федерациясынын аймагында мыйзамсыз жүргөн КМШ мамлекеттеринин бардык жарандары өлкөдөн чыгып кетиши керек деп билдирген.
16-апрелде жарыяланган статистикага ылайык, Өзбекстандын 332 миң жараны Россияда мыйзамсыз жүрөт. Бул көрсөткүч боюнча өлкө шериктеш мамлекеттердин арасында биринчи орунда турат.

Эске салсак РФнын ИИМдин маалыматына ылайык, 115 миң кыргызстандык Россиянын аймагында мыйзамсыз жашайт.

Россия КМШ өлкөлөрүн, мыйзамсыз мигранттарын чыгарып кетүүгө чакырды

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3139