7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөлүк банк Баткенге 6 жыл ичинде 60 млн доллар каражат бөлөт

682

Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 60 млн доллар бөлмөй болду. Бул тууралуу кечээ, 30-октябрда Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиевдин Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу кеңсесинин өкүлдөрү менен болгон онлайн маек учурунда белгилүү болду.

Аталган долбоордун максаты бир катар секторлорго максаттуу интервенция жасоо жолу менен Баткен облусунун аймактык экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берүү болуп саналат.

Долбоор 6 жылдык мөөнөттө, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 50-60 млн долларга жүзөгө ашырылат. Долбоор төмөндөгүдөй 6 компонентти өзүнө камтыйт:

  • Аймакты туруктуу өнүктүрүүнү пландаштыруу;
  • Муниципалдык инфраструктураны жана базалык мамлекеттик кызматты колдоо;
  • Айыл чарба азык-түлүк кластерин күчөтүү;
  • Чакан жана орто бизнести колдоо үчүн чакан гранттар программасы;
  • Мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга каршы туруу;
  • Долбоорду жүзөгө ашырууну колдоо, көзөмөлдөө жана баа берүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

683