7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана гранттык каражат бөлөт

635

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу Жогорку кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеӊеште «2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19 га чара көрүү боюнча) айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкакгындагы кошумча каржылоо жана 2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы 8,5 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 8,5 млн доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Насыя каражаты 38 жыл мөөнөткө 0,75 үстөк пайызы менен берилет.

Каражат негизинен аймактарды өнүктүрүү чараларынын маанилүү маселелерин чечүү, экономикалык жана социалдык инфратүзүм объектилерин колдоо, COVID-19 илдетине каршы чараларды көрүү, санитардык талаптарды сактоо багытында жумшалмакчы. АРИС долбоордуне негизги аткаруучусу болуп саналат.

Эскерте кетсек, каралып жаткан долбоор Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын аймактарын өнүктүрүүгө багытталат. Ушул сындуу дагы эки долбоор бар, аларда башка аймактар камтылмакчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

636