7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыгууда

285

Венгрияга болгон иш сапардын жүрүшүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча алгачкы өнөктөштүк келишимине кол койду. Венгриянын «Мадьяр-Туран» фондунун Президенти Биро Андраш Жолт менен келишим түзүлдү.

Келишимге ылайык:

• «Мадьяр-Туран» фонду Венгриянын компетенттүү мамлекеттик органдары менен биргеликте Оюндарга катышуу үчүн Венгриянын улуттук делегациясын — спортчуларды, маданият жана илим өкүлдөрүн түзүүгө ыйгарым укукка ээ;
• Фонд Венгрияда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын кызыкчылыктарын билдирип, венгер делегациясынын катышуусунун уюштуруучулук тартибин жана анын аккредитациясын камсыз кылат;
• Фонд өзүнүн ресурстарынын эсебинен делегацияны авиабилет, жабдуу жана тиешелүү логистика менен камсыз кылуу үчүн каражат тартуу милдетин өзүнө алат.

Түзүлгөн келишим VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары долбоорун өнүктүрүүдөгү негизги кадам болду. Ал туруктуу эл аралык кызматташтыкты көрсөтүп, катышуучу өлкөлөрдүн системасын ишенимдүү жана текшерилген өнөктөштөрдүн негизинде түзөт.

«Биз бул келишимди системалуу мамиленин мисалы катары карайбыз, анда ар бир өнөктөш-мамлекет өз өлкөсүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында татыктуу деңгээлде көрсөтүүгө ресурстарды жана тажрыйбаны бириктире алган авторитеттүү уюмдар аркылуу процесске тартылат», — деп белгиледи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Аденов Нурсултан Нурланович.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасында өтүп, дүйнөнүн 90дан ашык өлкөсүнөн катышуучуларды чогултат.

286