7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кыргыз курамасынын формасы даяр

426

Кыргыз Республикасынын курама командасынын V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кие турган  параддык жана спорттук экипировкасы даяр.

Белгилей кетсек, 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Астана шаарында (Казакстан Республикасы) V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага Кыргызстандан 183 спортчу катышат.

Аталган оюндардын салтанаттуу ачылыш аземине жана машыгууга кие турган Кыргызстан курама командасынын параддык жана спорттук экипировкасы даяр болду.

Параддык форманы курама команда 8-сентябрь күнү V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде кийип чыгат. Параддык жана спорттук экипировканы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ата-мекендик компания даярдады.

Жалпы экипировка 10 элементтен турат: атайын параддык форма ( калпак, блейзер-пиджак, поло футболка, шым), спорттук форма ( кепка, бомбер куртка, футболка, карго шым, спорттук бут кийим, рюкзак).

 

 

 

 

 

427