7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйшөнбек Зилалиев кайра кармалды

442

Козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, З.Д.Т. 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталды. Бирок, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси айтылган убадаларын аткарган жана алган акча каражаттарын кайтарып берген эмес.

Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде ушул жылдын 15-мартында ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Дүйшөнбек Зилалиев мурдагы вице-премьер-министр кызматын дагы аркалаган.

  • 2016-жылдын 29-июнунан 2017-жылдын август айына чейин Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси;
  • 2017-жылдын августунан 17-ноябрга чейин Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер министр;
  • 2017-жылдын 23-ноябранын тарта Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси. Ушул эле жылдын аягында отставкага кеткен.

Эскерте кетсек,  2017-жылы 24-ноябрда, президенттин инаугурациясы болгон күнү күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө өкмөттүк трассага коюлган бомба тууралуу маалымат түшкөнү айтылган. Кабарды ИИМ академиясында окуган кыз Зилалиевге таянуу менен билдирген. Бирок Дүйшөнбек Зилалиев курсант кыз анын айткандарын туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн экенин же «формаңды оңдоп ал деген сөзгө теригип Зилалиев бомба жарылат деп айтты» деши ыктымал деген пикирин айткан. Бул боюнча Биринчи май райондук соту Зилалиевди үч жылга шарттуу эркинен ажыраткан. Ал эми 2018-жылдын 8-декабрында мыйзамсыз байыган деген айып менен Бишкектен кармалган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

443