15-март күнү Бишкек шаарынын Аккула ат майданында «Нооруз-2023» элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдешинин үчүнчү күнү жыйынтыкталды.
Оюн талаасында жогорку, экинчи лига жана 40 жаштан өйдө курама командалары беттешти.
Үчүнчү күндүн жыйынтыгы:
- «Кетмен-Төбө» жана «Ак-Кула» 5:0;
«Талас шаары» жана «Тянь-Шань» 6:0;
«Ак-Илбирс» жана «Сокулук» 4:2;
«Достук» жана «Мурас» 11:4 (жогорку лига);
«Сары-Өзөн » жана «Ош»;1:10 (40 жаш);
«Талас» жана «Жети дубан» 3:2 (40 жаш). - Бүгүнкү оюндардын тизмеси:
10:00-10:55 «Жети-Аке» жана «Өзгөн»;
11:00-11:55 «Намыс» жана «Ачы»;
12:00-12:55 «Алтын Альянс» жана «Ак-Шумкар»;
13:30 «Сары-Өзөн» жана «Ош шаары» (40 жаш);
15:00 «Ийгилик» жана «Саякбай-Ата»;
16:00 «Бакай-Ата Дөөлөт» жана «Улар».
Оюндар КТРК Спорт телеканалында түз эфирде көрсөтүлүүдө.