7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жакшылык Бердибек уулу: «Айрым манипуляторлордун кылдан кыйкым издегендери суу кечпейт»

678

Мен журналист Болот Темировду кесиптеш катары сыйлайм, бирок ар дайым эле өлкөбүздөгү жасалган жакшы иштерди эмес, терс көрүнүш издей бергенин туура эмес көрөм. Бул тууралуу Жакшылык Бердибек уулу социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

«Мен ар дайым мамлекетте терс көрүнүштөр болсо, аны сындап келген жарандардын биримин. Бирок, айрым учурда калыстыкты дагы айтып койгонубуз туура болот. Журналист Болот Темиров жана ал өңдөнгөндөр өлкө башчысынын жана кыргыз делегациясынын башка өлкөлөргө сапарын дайым сынга алат. “Эмнеге самолет менен барды, канча каражат кетирди?”- деген суроо коюшат. Мен Кыргызстаныбыздагы экономикалык өзгөрүүлөрдү байкаган адам катары, өзүмдүн пикиримди билдирип койгум келди.

Ийгиликтүү адам жүрүм-туруму, жашоого көз карашы менен айырмаланат. Кыргызда, “кулча иштеп, байча жаша”- деген сөз бар. Ал эми байкуш, ийгиликсиз түшүнүк менен жашаган адамга оомат дагы жукпайт. Өзүн сыйлаган адамды өзгөлөр кабыл алат, баалайт жана тең ата сүйлөшөт. Бул мамлекетке дагы таандык. Кыргызстан буга чейин, “биз жардыбыз, бечерабыз, жардам бергиле, куурадык”- деген түшүнүк менен жашачу. Ар кайсы мамлекетке барып кайырчылык кылчу.

2020-жылы 250 млрд сом бюджет, 2023-жылга 503 млрд сомго жетти. Өнүгүү байкалды. Башка өлкөлөр менен тең ата сүйлөшүп баштадык. Анан эле баягы “неудачниктин” түшүнүгүнөн чыга албагандар өлкө башчысы, же жетекчилер иш сапарларга учса эле, “кокуй самолет менен учуптур”- деп кыйкырышат. Анан эмне жөө барышмак беле? Анан, дагы бир момент. “Мурдагы баланча президент катардагы рейс менен учат эле”- деген аргументтерди айтышат. Мурдагы рейс менен учкан президенттердин учурунда мамлекеттин бюджети кандай эле?

Делегацияны алып барганга дагы мүмкүнчүлүктөрү болгон эмес. Бул салыштыруу ачыктан ачык эле манипуляция, мамлекеттин беделине шек келтирүү, иликтөөчү журналисттин бийликке карата жек көрүү сезимин элге таңуулоо. Азыр мамлекет көп ийгиликке жетти, өнүкккөн өлкөлөр менен тең ата сүйлөшүүгө жетишти. Ошондуктан, айрым манипуляторлордун кылдан кыйкым издегендери суу кечпейт. Ушул темп менен президент эле эмес, ар бир министрлик жеке учак менен бара турган ийгиликке жетебиз. Эң башкысы, президент Америкага жана башка сапарларында учакты керосин куюп, акысыз колдонгонун тастыктаган»,- деп пикирин билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

679