7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Даңазалуу доор» сериалынын актеру эркинен ажыратылды

295

«Даңазалуу доор» түрк сериалында Султан Сулеймандын ролун аткарган актёр Халит Эргенч Стамбулдагы нааразылык ишинин негизинде абакка камалганын Анадолу агенттиги билдирди.

«Соттолуучу Халит Эрген эки жыл үч айга эркинен ажыратылды», — деп айтылат макалада.

Сот Эргенчтин сот процессиндеги үлгүлүү жүрүм-турумун эске алып, жазаны бир жыл он жарым айга кыскартканы белгиленген. Түрк сериалынын жылдызы жалган көрсөтмө бергени үчүн күнөөлүү деп табылганы менен актёр өзү күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Соттун өкүмү 2013-жылы Стамбулдун борборундагы Гези паркында болгон нааразылык акциялары боюнча чыгарылган.

Эске салсак, 2013-жылы Стамбулда өкмөттүн Таксим районундагы Гези паркын бузуп, анын ордуна соода жана оюн-зоок комплексин куруу чечимине каршы нааразылык акциялары башталган. Анда премьер-министр Тайип Эрдогандын саясатына каршы нааразылык толкунуна айланган. Тополоңдо беш адам каза болгон.

296