7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дача СУдагы учак кырсыгынан курман болгондор эскерилди

546

Чүй облусунун Дача СУ айылында «Боинг-747» жүк ташыгыч учагынын кыйрашынын кесепетинен каза болгондор эскерилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Эскерүү иш-чарасына президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, курман болгондордун жакындары катышты.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январында ACT Airlines (MyCargo) авиакомпаниясынын жүк ташуучу Boeing-747-400F учагы “Манас” аэропортуна жакын жердеги Дача СУ айылында кыйроого учураган. Ал Гонконг-Стамбул багыты боюнча бара жаткан. Учак кырсыгынан 39 адам, экипаждын 4 мүчөсү – Түркиянын жарандары жана 35 Кыргызстандын жараны каза болгон.

 

547