7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дагы бир аянычтуу окуя! 18 жаштагы кыз ымыркайын таштандыга таштап кеткен

573

Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи шаарчасындагы таштанды таштоочу жайда жаңы төрөлгөн ымыркай кыз табылган. Бул тууралуу 7-каналга Жалал-Абад ОИИБ маалымат берди.

Бул факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган. Милиция окуя болгон жерге барып, тиешелүү матералдар чогултулган. Териштирүү учурунда ымыркайдын апасы батирде убактылуу жашап жаткан. Ал Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын 2005-жылкы тургуну экендиги аныкталган.

18-ноябрь күнү саат 07:30 чамаларда убактылуу жашаган батиринде төрөгөн. Төрөгөн кызын кийимге ороп, таштанды таштоочу жайга таштап койгон. Үшүп, тоңуп калган ымыркайды таап алган жаран менен милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү төрөт үйүнө алып барышкан.

Наристенин абалы орточо. Учурда текшерүү иштери уланууда.

574